
Ош аба майданында алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аэропортто жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүнөн баасы 13,9 миллион сомдон ашкан алтын буюмдар (билерик, чынжырча жана сөйкөлөр) табылган. Зер буюмдар тиешелүү коштомо документтери жок ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алынып келгени аныкталган.
Мекеме факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзам боюнча чаралар көрүлөрүн кошумчалады.