
Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарынын четинде, Төмөнкү Ала-Арча конушунда ири жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн.
Окуя болгон жерге дароо патрулдук милициянын кызматкерлери келип, кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат.
Азырынча канча адам жабыркаганы белгисиз. Маалыматтар такталып жатат.