Бүгүн, 1-декабрда Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев дүйнө чемпиону, кикбоксинг боюнча 60 килограмм салмак ченинде лоу-кик багытында алтын медаль уткан Ахрор Розбаевди кабыл алып, чоң жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Облус башчысы спортчунун машыктыруучуларына Ыраазычылык баракчаларын ыйгарды жана өзүнүн резервдик фондунан Розбаевге 200 миң сомдук сертификат тапшырды.
24 жаштагы Ахрор Розбаев Өзгөн районунун тургуну, буга чейин да бир катар эл аралык жана республикалык мелдештерде ийгиликтерге жетишкен.