Ош облустук милициясы добуш сатып алуу болду делген видео боюнча текшерүү иши башталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Facebook социалдык тармагындагы Azia Kyrgyzstan аттуу аккаунт №5249 шайлоо участкасына байланыштуу добуш сатып алуу аракеттери тууралуу 28 секунддук видео чыгарган. Видеодо белгилүү суммада акча берүү жолу менен добуш алуу аракети жасалып жатканы айтылган.
Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда окуянын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.