Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери мас абалда унаа айдап жүргөн дагы бир айдоочуну кармады. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабарда ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аталган айдоочуну дароо токтотуп, унаа башкаруудан четтетишкен. Айдоочуга карата укук бузуу тууралуу протокол түзүлүп, унаасы айып короого токтотулган.
Милиция кызматкерлери мас абалда унаа башкаруу кырсыкка алып барарын эскертишет.