Бишкекте 37 жаштагы милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 20 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Ал 28-ноябрь күнү түндө Орок айылы тарапта таанышы менен унаада отурганда милиция кызматкери келип калганын билдирген. Кыздын айтымында, ал таанышын дүкөнгө жөнөтүп жиберип, ага болсо күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган.
ИИМ кармалган милиция кызматкери УКМКга өткөрүлүп берилгенин жана атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланууда.