Биз социалдык тармакта

Бишкекте 23 миллион сомду электрондук капчыктан чыгарып кеткен жигит кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи Май райондук милициясына жаран арыз менен кайрылды. Анда 14-ноябрда электрондук капчык системиндеги техникалык мүчүлүштүктү пайдаланган белгисиз адамдар акча каражаттарын үчүнчү тараптардын электрондук капчыктарына чыгарып кетип, жалпы 23 миллион сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкенин билдирди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Натыйжада 2000-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле соттун чечими менен ал 2 айга камалды.

Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан