Борбордо катталган кылмыштардын саны жалпы өлкөнүн көрсөткүчүнөн 40,5 пайызды түзөт (Кыргызстан – 23 611, Бишкек – 9 565), башкача айтканда ар бир экинчи кылмыш Бишкек шаарында жасалган.
Борбордогу ШИИББинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, көрсөткүчтөгү пайыздык айырмачылыкка социалдык-экономикалык кырдаал, жумушсуздук, миграциянын курчтугу себеп болууда.
Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Александр Белунскастын айтымында, укук коргоо органдары кылмыш иштерин тергөөдө, коомдук тартипти сактоо менен бирге террорчулук менен экстремизмдин алдын алууга аракет кылышууда.
Бүгүн, 20-январда борбордогу шаардык ички иштер башкы башкармалыгында 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өттү. Ага ички иштер министри Абдулда Суранчиев, ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев жана райондук ички иштер башкармалыгынын башчылары катышты.