
Өлкө аймагында акыркы суткада - 2-декабрда 23 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын ичинен Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы чыкты.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.