Франциялык ПСЖ футболдук клубунун швециялык чабуулчусу Златан Ибрагимович кечээ, 19-январда клубдук карьерасындагы 300-голун киргизди. Бул тууралуу европалык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча Франциянын чемпиондугунун 21-турунда ПСЖ-“Нант” оюнунда Златан Ибрагимович 2 гол киргизди. Бул голдор футболчунун клубдук карьерасында киргизген 299 жана 300-голдору болуп калды. Оюн 5:0 эсебинде жыйынтыкталды.
Бул көрсөткүчтү Златан 569 оюнда көргөздү.
Ибрагимович ойногон клубдар жана киргизген голдорунун саны:
“Мальме” (Швеция) - 19 гол. “Аякс” (Голландия) – 48 гол . “Ювентус” (Италия) – 26 гол. “Интер” (Италия) – 66 гол. “Барселона” (Испания) – 22 гол. “Милан” (Италия) 56 гол. ПСЖ (Франция) – 63 гол.