Биз социалдык тармакта

Бишкекте 12 жаштагы аутист бала изделүүдө 

Бишкекте 12 жаштагы аутист бала дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган өспүрүм бүгүн, 3-декабрда саат 09:30 чамасында мектеп мугалимдери менен филармонияга экскурсияга келишкен. Автобустун чыгуу тарабынан чыгып кеткен баланы таппай калышкан.

Учурда аталган факт каттоого алынып, издөө иштери жүрүүдө.

Өзгөчө белгилери:

Бою 159 сантиметр, ак жуумал, үстүндө кара түстөгү күрмө, астында жашыл түстөгү шым, бутунда кара түстөгү өтүк бар. Кара түстөгү баштык көтөрүп жүргөн. Ошондой эле мойнунда "өзгөчө бала" деген жазуу бар бейджик тагынып жүргөн.

Көргөн, билгендер болсо төмөнкү байланыш номурларга кабарласа болот:

0312 35 29 47
0312 35 26 05
0 705 307 703

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан