Кытайда өткөн эл аралык марафондо кыргызстандык спортчу Тилекжан Жекшеналы уулу 3-орунду алды

Кытайдын Куньмин шаарында 30-ноябрда ШКУнун онунчу эл аралык марафону болуп өттү. Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн 26 миңге жакын спортчу катышты.

Кыргызстандык жөө күлүк Тилекжан Жекшеналы уулу 21,1 чакырымдык жарым марафондо чуркап, 3-орунду багынтты. Ал жарыштан 300 миң юань (3,7 миллион сомдон ашык) көлөмүндө сыйлык алды.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Аман Момуналиев 42,2 чакырым толук марафонго катышып, 12-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан