
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан "Тёплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплексин минералдык суу менен камсыз кылуучу 3,12 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратура билдиргендей, аталган жер тилкеси 1998-жылы мыйзамсыз "КС" ЖЧКсына өтүп кеткендиги аныкталган. Натыйжада базар баасы 442,5 миллион сомду түзгөн жер аянты мамлекеттин менчигине алынган.