Спортчу Бакыт Кадыров жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык жигит Бакыт Кадыров Испаниянын Мадрид шаарында өткөн жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утту.

Кадыров 85 килограммга чейинки салмак категориясында мелдешип, күрөштү 1/4 финалдан баштады. Алгачкы кармашында латвиялык Алексей Зайцевди 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. Андан кийин испаниялык Хосе Фернандести дагы утуп, финалга жол алды.

Чечүүчү беттеште Кадыров бельгиялык спортчу Мишель Мерси менен кармашып, дагы бир ирет 10:0 эсебинде жеңди.

Мелдеш 27-ноябрда башталып, 1-декабрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан