Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жайгашкан "Асем" тиричилик комбинаты калаа мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, комбинаттын имараты 4028 чарчы метр болсо, жер тилкеси 0,5 гектар. Мүлк 1993-жылы мыйзамсыз сатылып кеткен. Мамлекеттик мүлк фонду аны аукционсуз саткан.