Улуттук банк акча которууларда комиссиялык төлөм алууга салынган тыюуну узартканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, кабыл алынган токтом боюнча 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына өлкө ичинде акча которуулар үчүн кардарлардан комиссиялык төлөм алууга тыюу салынат.
Эске салсак, Улутук банк былтыр ноябрь айында интернет-банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу быйылкы жылдын аягына чейин токтотулганын билдирген.