Министр мамлекеттин коңшу өлкөлөргө суу берүү милдеттенмеси жок экенин айтты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев мамлекет коңшу өлкөлөргө кошумча суу берүү боюнча милдеттенме албаганын билдирди.

Министр ВВС'ге курган маегинде коңшуларга өлкөдөгү ГЭСтерден иштетилип чыккан гана суу кетерин айтты.

"Алмашуу деген маселе жок. Кыргызстан андай милдеттенме алган эмес. Кантип, мен милдеттенме алам, эгерде бүгүнкү күндө суубуздун көлөмү 10,7 миллиард метр куб болуп жатса? Алдыда дагы 4 ай бар. Мен билбейм, кыш кандай суук болот?"- деди министр.

Эске салсак, ноябрь айында Энергетика министрлиги Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу жана энергетика тармагында кызматташуу, өз ара колдоо көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишкенин кабарлаган.

Маалыматта Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга күз-кыш мезгилинде электр энергиясын беришери, бул өз кезегинде Токтогул суу сактагычында суу топтоо мүмкүнчүлүгүн түзөрүн, топтолгон суу сугат мезгилинде Казакстан менен Өзбекстанга берилери айтылган.

Министр мамлекеттин коңшу өлкөлөргө суу берүү милдеттенмеси жок экенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан