Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында жер силкинүү сезилгенин маалымдады.
Министрлик 4-декабрда, саат 13:44тө Кытайда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталганын белгилеп, жер силкинүү Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 4,5 балл, "Кумтөр" ишканасынын аймагында 4 баллга чейин сезилгенин белгиледи. Ал эми Бишкекте 2,5 баллга чейин сезилген.