Энергетика министри Таалайбек Ибраев ВВС'ге берген маегинде өлкөдө атомдук электр станциясы элдин макулдугу болсо гана курула турганын билдирди.
Ал АЭС куруу боюнча Орусия же башка мамлекет менен келишим түзүлүшү үчүн өлкө жарандарынын макулдугу керектигин бышыктады. Ошондой эле министр атайын адистерди даярдоо зарылдыгы бар экенин кошумчалады.
"Ал үчүн балдарды окутушубуз керек. Бүгүнкү күндө бир да жогорку окуу жайда андай адистиктерди окутпайт. Биз аларга экология жагынан изилдеп уруксат алып бергиле, эл менен сүйлөшкүлө деген талаптарды коюп жатабыз. Бул кеминде он жылда араң курулуп бүтөт",- деди Ибраев.
Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде Москва Кыргызстанга кубаттуулугу аз атомдук электр станциясын курууга даяр экенин билдирген.