
Жеке ишкер
Нургалы Асаналиев тарабынан 7 манасчыга деп берилген ак өргөөлөр өз ээлерине расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Бул демилге "Манас" эпосун даңазалоого жана аны жаш муундарга кеңири жайылтууга багытталган.
Кыргыз улуттук "Манас" театрынан манасчылар: Нурбек Талантбеков, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Асанаалы Калил уулу, Үмөт, Замир Баялинов, Талантаалы Бакчиев ак өргөөлүү болушканын тастыкташты.
"Манасчылар ишкерге бата беришип, өздөрүнүн чыгармачылык дараметин дагы көтөрүүгө даяр экенин билдиришти",-деп айтылат маалыматта.