Бишкектин кээ бир аймактарында 9-декабрда, саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Ахунбаев көчөсү, Бакаев көчөсү, Циолковский көчөсү, Псковская көчөсү жана Леваневский көчөсү.
Бул аймактарда суу түтүктөрүн авариялык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
"Бишкексууканал" ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.