Бириккен Араб Эмираттарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу башталды. Ага Кыргызстандын курама командасынын мушкерлери да катышууда.
Спортчулар президент Садыр Жапаровго жана Эл аралык бокс федерациясынын президенти Умар Кремлевге колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.
"Биздин Дубайга келишибизге чоң салымын кошкон ажобуз Садыр Жапаровго рахмат. Алдыңкы орундарды алганы аракет жасайбыз", - дешкен спортчулар.
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчулардын виза маселесинен улам бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу 3-декабрдан 4-декабрга жылдырылган болчу.