"Көк бөрү боюнча жылдын мыкты аргымагы" наамын Фаворит аргымагы жеңди

Бүгүн, 4-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Улуттук спорт мыктылары - 2025” аттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чара 2025-жылдагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча жетишилген ийгиликтерди белгилөө, мыкты спортчуларды жана федерацияларды аныктоо максатында уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында бир нече номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды. Алар мыкты спортчу, мыкты федерация, улуттук спортту өнүктүрүүгө салым кошкон инсандар жана командалар.

"Көк бөрү боюнча жылдын мыкты аргымагы" номинациясын Фаворит аргымагы жеңип алды. Аргымактын ээси Дастан Руслан уулу. Көк бөрүчү бул жылы аталган аргымак менен көптөгөн оюндарда ийгиликтерди жаратты.

Ошондой эле "Жылдын мыкты улакчысы" наамын Кубантай Султан уулу жеңип алды. Ал Кыргызстандагы эң күчтүү оюнчулардын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, спорттун улуттук түрлөрү боюнча жыл мыктыларын аныктоо иш-чарасы Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.

"Көк бөрү боюнча жылдын мыкты аргымагы" номинациясын "Фаворит" аргымагы жеңди
Мыкты улакчы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан