VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун туусу Африканынын эң бийик чокуларынын бири Килиманжаро тоосунда. Желекти ал жакка Эверестти багындырган биринчи кыргызстандык, Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов алып чыкты.
"2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун баарыбыз колдойлу. 120 өлкөдөн катышуучулар келет. Кыргызстан алга!" - деп билдирди Кубатов.
Айта кетсек, этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдеш 6 ирет уюштурулууда. Кезектегиси кийинки жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда пландалууда. Буга чейин Казакстан жана Түркия мамлекеттеринде да орун алган.