Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 5-декабрдагы таңкы рейд учурунда Төлөйкөн айылындагы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан санаторийге барды. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору билдирди.
Ал жерде шаар башчы курулуш ишин көрүп, жумуш ыргагы менен таанышып чыкты.
Жалпы аянты 3240 чарчы метрди түзгөн дарылоо жайы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңыланып жатат.