Министрлик Сокулуктагы тургундардын кайрылуусу боюнча үн катты

Транспорт министрлиги Сокулук районунун тургундарынын мектептин тушуна жол чырак жана тиешелүү жол белгилерин орнотуу тууралуу кайрылуусуна комментарий берди.
Мекеме билдиргендей, Бишкек-Кара-Балта автожолун (узундугу 52,5 чакырым) реконструкциялоо иштери 2022-жылы аяктап, ал эми 2024-жылы деффекттик мөөнөтү жыйынтыкталган.
"Долбоордо асфальт басуудан тышкары жол белгилер, жарыктандыруу, унаа токтотуучу жайлар, автобустук аялдамалар, парапеттер жана тротуарлар сыяктуу курулуштар каралган. Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында 7 жер алдынан өтүүчү өтмөк капиталдык оңдоодон өтүп, долбоорго ылайык, 6 жаңы өтмөк салынган.
Ал эми видеодо айтылган мектептин тушуна жол чырак жана тиешелүү жол белгилери орнотулган.
Жарандардын кайрылуусун карап, маселени кылдат иликтөө максатында тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирген атайын комиссия мониторинг жүргүзгөн соң тиешелүү чечимдер кабыл алынат",- деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан