Түштүк Кореяда жарактуу визасы же иммиграциялык статусу жок жүргөн кыргызстандыктар ал өлкөдөн жазасыз чыгып кетишсе болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган өлкө 90 күндүк ыктыярдуу чыгып кетүү программасын ишке киргизген. Мөөнөт 1-декабрдан 28-февралга чейин берилген.
"Көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгып кеткен учурда айып пул санкциялары колдонулбайт. Мажбурлап чыгарууга тиешелүү болгон учурда колдонулуучу кайра кирүүгө тыюу чаралары колдонулбайт. Программа 2025-жылдын 1-декабрына чейин жүрүм-турум тартибин бузгандарга тиешелүү болуп саналат. Ошол эле убакта, бул чаралар кылмыштуу аракеттерди кылган же мыйзам боюнча мажбурлап чыгарууга тийиш болгондорго жайылтылбайт",- деп айтылат маалыматта.
Министрлик мекендештерди мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырды.