Кыргызстандыктар үчүн Кытайдагы ЖОЖдорго сынак жарыяланды

Илим министрлиги Кытайдын алдынкы жогорку окуу жайларында 2026-2027-окуу жылында билим алуу үчүн Кытай өкмөтүнүн мамлекеттик стипендияларын алуу боюнча сынак жарыялады.
Кыргызстандыктар аталган өлкөдө бакалавр, тилдик стажировка, магистратура жана докторантура программалары боюнча билим ала алышат.
Стипендиялар 2015-жылдын 16-декабрында Бээжин шаарында кол коюлган билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча мекемелер аралык келишимдин алкагында берилет.
Стипендия төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • окууга акы төлөө;
  • жатаканада жашоо;
  • ай сайын стипендиялык жөлөк пул алуу;
  • медициналык камсыздандыруу.

Сынакка катышуу шарттары боюнча толук маалымат шилтемеде.

Маалымат үчүн: Авиакаттам жана виза алуу чыгымдары стипендия пакетине кирбейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан