Дүйнөнүн супер оор салмактагы экс-чемпиону Ларри Холмс мушкер Флойд Мейвезердин акчасын ысырап кылып жатканын айтты. Бул тууралуу 20-январда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Холмстун айтымында, Мейвезер акчасын керексиз нерселерге коротуп жатат.
Кезинде рингге чыкканы үчүн ири суммадагы гонорар алган Холмс мушкер Мейвезер экөөнүн бул жаатта окшоштуктары бар экенин кошумчалайт. Экс-мушкердин берген маалыматына караганда, кезинде анын 7 Роллс Ройс автоунаасы, жалпысынан 27 автоунаа жана автобусу болгон. “Ойлоп көрсөм, мунун баары мага керектүү нерселер эмес болчу” дейт ал.
Холмс карьерасындагы эң ийгиликтүү беттештерди 80-жылдары өткөргөн. Анын эсебинде профессионалдык рингде 69 жеңиш бар (75 беттеште). Кезинде ал WBC жана IBF версиялары боюнча чемпиондук наамды кармап турган.
36 жаштагы Мейвезер профессионалдык рингде 45 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңиш ээси аталган. Флойд WBC версиясы боюнча 66 жана 69 килограмм салмактарда Дүйнө чемпиону. Америкалык мушкер 2013-жылы мексикалык Сауль Альварес менен беттешкени үчүн бокс тарыхындагы рекорддук гонорарга ээ болгон. Анда анын эсеби 41 миллион доллар менен толукталган.