Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 6-декабрда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +7... +12,
Талас жергесинде +6... +11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +8... +13,
Ысык-Көлдө +7... +7,
Нарында +1... +6,
Бишкек шаарында +7... +9 градус болот.