Ички иштер министрлиги жакынкы күндөрү өлкө аймагында кар жаай тургандыктан айдоочулар унааларынын дөңгөлөктөрүн алмаштырып, сапарга чыкканда чынжыр ала жүрүшү керектигин эскертти.
Министрлик айдоочуларды унааларын кышкы шарттарга өз убагында даярдоо керектигин белгилеп, сак болууга чакырды.
"Жолдордо коопсуздукту сактоо үчүн унааңыздын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырыңыз, унааңыздын техникалык абалын текшериңиз жана аба ырайын эске алып, этияттап айдаңыз",- деп билдирди министрлик.