Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташууга шектүү алты жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Белгилүү болгнодой, окуя бүгүн, 5-декабрь күнү саат 01:46 чамасында калаадагы Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде болгон.
Аталган факт Октябрь райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Анын жүрүшүндө 21 жаштагы 2 жаранга, 19 жаштагы 4 жигитке карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, алар райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына камалган.