Бишкекте экологиялык талаптарды бузган мончолор аныкталды

Бишкек шаарында экологияны коргоо боюнча рейддик иш-чаралар уланууда. Мэрдин орун басары Азамат Кадыров Муниципалдык инспекция менен биргеликте мончо жана сауналарды текшерүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө эки жеке мончодо экологиялык талаптарды бузуу фактылары катталган.

Заводской айылы, 402 дарегинде жайгашкан мончонун мешинен тиричилик таштандыларынын жана тигүү калдыктарынын өрттөлгөнү аныкталган. Бир нече жолу эскертүүлөргө карабай бузуулар кайталанган. Ээсине Укук бузуулар кодексинин 115-беренеси боюнча кайрадан протокол түзүлгөн.

Жибек жолу, 450 дарегиндеги мончодо пластмасса бөтөлкөнү өрттөө фактысы аныкталган. Ээсине кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 7500 сом айып пул салынган.

Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык , шаар ичинде тигүү калдыктарын, пластмасса, резина, авто майлар сыяктуу заттарды өрттөөгө тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан