Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарында 6-7-декабрь күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт.

Жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.

Бул иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Жарманкенин негизги максаты - баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу.

Жарманке өтө турган даректер:

  • Усубалиев атындагы аянт;
  • Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак;
  • Эркиндик бульвары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан