Бүгүн, 5-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абаддын Тош-Кутчу жерлигиндеги "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу "Торугарт - Арпа - Кош-Дөбө - Макмал - Жалал-Абад" (304,94 чакырым) маршруту боюнча өтөт. Торугарт - Макмал (160 чакырым) тилкесиндеги темир жолдун эни 1435 миллиметр болсо, Макмалдан Жалал-Абадка чейин (145 чакырым) 1520 миллиметр болот. Макмалда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү пландаштырылууда.
"5695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. 29 туннелдин 18инин курулушу башталган. 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүч түтүктүн 28инин курулушу да жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.