"Евразия Кыргызстан" КМШ жана Борбордук Азиядагы коопсуздук жана суверенитет боюнча талкуу өткөрдү

"Евразия Кыргызстандын" аймактык кеңсесинде "Борбордук Азиядагы ЖККУ: коопсуздук, суверенитет, аймактык туруктуулук" аттуу эксперттик дискуссия болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан менен Орусиянын алдынкы аналитиктери, эксперттери, академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, профилдик уюмдар жана эксперттик коомчулуктун мүчөлөрү оффлайн жана видеоконференция аркылуу катышышты.

Эксперттик талкууда Борбордук Азия мамлекеттеринин жамааттык коопсуздугу, суверенитети, ошондой эле өсүп жаткан киберкоркунучтар жана маалыматтык чабуулдар боюнча негизги маселелер кеңири талданды.

Катышуучулар ЖККУнун жаңы күн тартибинде көрсөтүлгөн жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө түз таасир эткен негизги чакырыктарды талкуулашты. Өзгөчө көңүл чек араларды кесип өткөн коркунучтарга - коңшу өлкөлөрдөгү туруксуздукка жана экстремисттик топтордун активдешүүсүнө бурулду. Эксперттер бул факторлор жооп кайтаруу механизмдерин тактоону жана коллективдүү коопсуздук системин бекемдөөнү талап кыларын белгилешти.

"Евразиянын" коммерциялык эмес уюмунун эксперттик өз ара аракеттенүү жана моделдөө борборунун жетекчиси Семён Уралов белгилегендей, коопсуздук маселелери көптөн бери илимий-техникалык жана гуманитардык-тармактык каршылыктын деңгээлине өтүп, жашоонун бардык тармактарына таасир эте баштады.

"Заманбап терроризм аскердик, санариптик, маалыматтык-психологиялык жана ал тургай маркетингдик технологияларды колдонуп жатат. ЖККУ дагы тыгыз коргонуу союзуна айланышы керек. Анткени мындай согуш Европада да, Азияда да билинбей жүрүп жатат",- деп белгиледи Семён Уралов.

Эксперттер ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү күчөп жаткан тышкы басым жана геосаясий атаандаштык шартында кантип стратегиялык автономиясын сактап кала алары боюнча ой бөлүштү. Аймак ири эл аралык оюнчулардын кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо менен өзүнүн көз карандысыз тышкы саясатын жүргүзүүгө тийиш экени белгиленди.

ЖККУнун киберчабуулдарга, маалыматтык операцияларга жана санариптик басымдын башка түрлөрүнө каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Эксперттер киберкоркунучтарга каршы комплекстүү жооп берүү системин түзүү мониторинг борборлорун өнүктүрүү, мыйзамдарды өркүндөтүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү зарыл экенин белгилешти.

Талкуунун алкагында санариптик суверенитет стратегиялары да, маанилүү инфраструктураны коргоодон тартып аймактардын технологиялык көз карандысыздыгын жогорулатууга чейин кеңири каралды. Катышуучулар киберкоопсуздукту күчөтүү улуттук жана аймактык суверенитетти камсыз кылуунун жалпы чараларынын бөлүгү болуп бара жатканын баса белгилешти.

Иш-чарада эксперттик баалар менен алмашууга, региондун узак мөөнөттүү факторлорду талдоого, ошондой эле ЖККУ алкагындагы жамааттык коопсуздук механизмдерин өркүндөтүү жолдорун талкуулоого ачык аянтча болду. Катышуучулар уюмдун жаңжалдарды алдын алууда, туруктуулукту бекемдөөгө, мүчө мамлекеттердин аракеттерин координациялоого жана заманбап коркунучтарга оперативдүү жооп кайтарууда ойной боло турган ролун да талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгында аналитикалык кызматташууну өнүктүрүүгө, эксперттик платформаларды кеңейтүүгө жана улуттук жана аймактык деңгээлде коопсуздук жаатындагы диалогду тереңдетүүгө багытталган сунуштар топтому түзүлдү.

Маалымат үчүн: "Евразия" эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшкөн автономдуу коммерциялык эмес уюм. Ал жеке каражаттардын эсебинен гуманитардык долбоорлорду ишке ашырып, салттуу баалуулуктарды сактоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. "Евразия" социалдык маанилүү демилгелерди колдойт, ар кандай маданияттардын өкүлдөрүнө өз ара баарлашууга мүмкүнчүлүк берет, билим берүү, медицина, жаштар алмашуусу тармактарында долбоорлорду ишке ашырат.

Негизги багыттардын бири - окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун арасында - билим берүү программалары, алмашуулар, ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар, медиамектеп. Бир жарым жылдын ичинде "Евразия" ар кандай өлкөлөрдөн 100 000 катышуучуну бириктирип, Евразия мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыктын алдыңкы платформасына айланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан