Бүгүн, 5-декабрь Бишкекте Эл аралык ыктыярчылар күнүнө арналган “Ыктыярчылык ишти өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин” биринчи жыйыны жана ыктыярчыларды сыйлоо аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министрдин орун басары Марат Тагаев катышып, ыктыярчылык тармагын өнүктүрүүдөгү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өзгөчө ордун белгиледи.
Жыйынга ыктыярчылык жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, Координациялык кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле чет элдик ыктыярчылык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ыктыярчыларга жылдын мыктылыгы тапшырылды.