Бүгүн, 5-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үч эм төрөлдү. Жакшылык менен тең бөлүшүп аталган райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Азамат Маматжанов бир катар жетекчилер менен барып, эне-балдардан кабар алды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Үч эмди жарык дүйнөгө алып келген энеси, Барпы айыл өкмөтүнүн Кумуш-Азиз айылынын тургуну Огулхан Исабаевага администрациянын жана айыл өкмөттүн атынан белектер берилди. Ал эми наристелерге коляска тапшырылды.