Алматы – Каракол түз аба каттамы ишке киргизилди

Мамлекеттик "Asman Airlines" авиакомпаниясы бүгүн, 5-декабрда Алматы – Каракол багыты боюнча түз рейсти ачты. Алгачкы учуу ийгиликтүү аткарылып, учак Караколго 14:24тө конгондугун "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди.

Учуу убактысы болгону 35 мүнөт, ал эми билеттин баасы 6,5 миң сомдон башталат.

Бул багыттагы туруктуу аба каттамы 1970-жылдардан бери болгон эмес. Рейстин калыбына келиши эки шаар ортосундагы бизнес жана туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан