Биз социалдык тармакта

Тоң районунда балык чарба кызматкерлери мыйзамсыз балык сатууга шектелип кармалышты

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Балык чарбасынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган ишкананын айрым кызматкерлери мыйзамсыз балык уулоо аракеттерин жүргүзүп жаткандыгы боюнча милицияга кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Балыкты же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) менен кылмыш иши козголду.
Натыйжада бүгүн, 5-декабрда Балык чарбасынын жетектөөчү адиси 1978-жылы туулган Ж.М. жана башкы адиси 1973-жылы туулган С.К. шектүү катары кармалды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар балыктардын уругун жасалма жол менен көбөйтүү максатында кармоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын жүйө кылып, кармалган балыктарды жараксыз деп көрсөтүп, мыйзамсыз жана системалуу түрдө сатып келишкен.
Шектүүлөргө карата райондук сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан