Кечээ, 5-декабрда Москвада өтүп жаткан "АСА 197" турниринде кыргызстандык мушкер Жакшылык Мырзабеков жеңишке жетти.
Ал 77 килограмм салмакта күч сынашып, орусиялык Узаир Абдураков менен беттешти.
Мырзабеков октагонго Мыктыбек Оролбай уулу, Алимардан Абдыкааров жана Кайрат Нурбай уулу менен кошо чыкты. Кармаш көпкө созулган жок. Кыргызстандык спортчу атаандашын биринчи раунддун 33-секундунда муунтуп жеңип, мөөнөтсүз чемпиондук наамга башкы талапкер болду.
Бул жеңиш Жакшылыкты учурдагы чемпион Абубакар Вагаев менен болчу титулдук беттешке жакындатты. Вагаев спорттон 2026-жылдын жазына чейин тыныгуу алган.
Беттештен кийин Мырзабеков социалдык тармакта ыраазычылык билдирди.