
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында имараттын капиталдык ремонту толук аяктап, 1972-жылдан берки эң ири реконструкция болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-деабрда Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жаңылоо жумуштарынын алкагында инженердик системаларды модернизациялоо, ички жайларды оңдоо, кичи жана чоң залдарды, вестибюль менен фойени реконструкциялоо, отургучтарды, витраждарды, терезе блокторун жана имараттын чатырын жаңылоо, ошондой эле административдик бөлмөлөрдү оңдоо иштери аткарылды.
Жалпы ремонттук иштердин наркы 320 миллион сомду түздү.
Бүгүн, 6-декабрда театр Чыңгыз Айтматовго арналган спектаклдин премьерасы менен өз эшигин кайрадан ачат.