Интернет желесинде аялын жерге жаткырып алып бутун ичине коюп, тээп жаткан видео тарады. Видеодон баласы коркуп кыйкырып жаткандыгын байкоого болот. Ал эми азырынча окуя кайсы аймакта болгону белгисиз.
Бул кырдаалга кайдыгер карабаган жигит социалдык баракчалардын бирине видеону киргизип, аялын сабап жаткан эркектин алсыз экенин айтып, мындай кадамга барбоого чакырды.