Башкы прокурор Максат Асаналиев Ала-Бука районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын салтанаттуу түрдө ачты. Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда мекемеден билдиришти.
"Жаңы имараттын ачылышын өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган иш-аракеттердин маанилүү жыйынтыктарынын бири катары баалап, бул имараттын ишке берилиши – жөн гана жаңы курулуштун пайдаланууга тапшыруу эмес, коомубузда мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү чыңдоого багытталган маанилүү кадам, өлкө башчыларыбыздын жүргүзүп жаткан натыйжалуу иштеринин жыйынтыгы болуп саналат", - деп белгиледи Асаналиев.
Жаңы административдик имарат заманбап стандарттарга толук жооп берип, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын камсыздайт. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жана ачык форматтагы бөлмөлөр каралган.