Бишкекте унаа сатам деп 110 миң сом алган алдамчылар колго түштү

Бишкекте онлайн алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды.

Октябрь РИИБине Н.Б. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдарга карата мыйзамдуу чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2024-жылдын 26-сентябрында ал Lalafo платформасына жарыяланган Honda Accord үлгүсүндөгү автоунааны сатып алуу үчүн сатуучуларга ишенип 110 миң сом берген. Акчаны алган соң алар изин жашырган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө чараларынын жүрүшүндө 2000-жылы туулган К.М. жана 2001-жылы туулган У.Б. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан