Бүгүн, 6-декабрда Ысык-Көл облусундагы “Каприз” лыжа базасынын ачылышына унаалардын көп баруусунан улам жолдо тыгын жаралды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирип, таңга маал кар жаап, жол тайгак болуп калганын кошумчалады.
Маалыматка ылайык, ДЭП-11дин кызматкерлери кар жаагандан кийин жолду сүргөнү менен, инерттик материалды жетиштүү өлчөмдө чачкан эмес. Мунун айынан жол тайгак бойдон калып, базага көтөрүлүп бара жаткан бир нече унаа бири-бирине жеңил түрдө сүзүшкөн.
Ак-Суу районунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жолду өз убагында жана талапка ылайык тейлебегени үчүн ДЭП-11ге 35 миң сом айып пул салганын билдиришти.
Жабыркагандар жок. Эки унаа материалдык чыгымга учурады.