Биз социалдык тармакта

Жубайын жерге жаткырып алып уруп жаткан видеодогу эргул табылды

Жубайын жерге жаткырып алып тээп жаткан эргул табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, 25-ноябрда Ак-Суу РИИБине 1992-жылы туулган И.А. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда жолдошу 1987-жылы туулган И.Э. тарабынан көп убакыттан бери зордук-зомбулукка кабылып келгени жөнүндө билдирген.
"2010-жылы баш кошушкан жубайлардын 4 баласы бар. Жолдошу менен жашап жүргөн мезгилде көп жолу эч себепсиз ур-токмокко алынган. Быйыл 3-мартта сабалып ооруканага түшкөн, бирок жаш балдарын ойлоп, "жыгылып кеткем" деп себепти жашырып көрсөткөнүн билдирди. Андан үч ай өткөн соң кайрадан уруп-сабап, моюнунан муунткан.
Август айында И.А. ажырашуу чечимин кабыл алып, балдарын алып, ата-энесинин үйүнө кеткен. 20-ноябрда Ак-Суу райондук сотуна ажырашуу боюнча жарандык арыз менен кайрылып, бирок жолдошу тарабынан тынымсыз коркутууларга дуушар болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө И.А.га карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алган жаракаты “анча оор эмес дене жаракаты” деп аныкталган. Жогорудагы фактылар боюнча 5-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө амалдары башталды. 6-декабрда И.Э. шектүү катары жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, камакка алынды", - деп белгиленет маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан