Эшек минип алып бүйүр кызыта оюн көрсөткөн кичинекей көк бөрүчүлөрдүн видеосу интернет желесине тарады. Анда алар эки командага бөлүнүп алып улак талашып, белгиленген жерге жеткирип жатканын көрүүгө болот. Балдар кичинекей болсо да көк бөрү улуттук оюнунун эрежесин так сактап, тай казанга улакты алып келип ташташууда.
Жагымдуу окуя Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Аны жергиликтүү тургун уюштуруп, чет өлкөдөгү айрым айылдаштар демөөрчү болуп жатканын билдиришти.
Бул видео коомчулукта жылуу пикирлер менен коштолууда. Айрымдары улуттук оюндарды ардактап жүрчү келечек бар экен дешсе, кээ бири кичинекейлерге кайдыгер карабай оюн өткөрүп бергендерди алкашууда.