Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек–Ош унаа жолунда Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат.
Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБынын басма сөз кызматы билдирип, Бишкек–Ош унаа жолунда жүрүүдө бардык коопсуздукту жол эрежелерин так сактоого, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырууда. Учурда карды сүрдүрүү, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.
Мекеменин өздүк курамы Бишкек–Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө.