Бүгүн, 8-декабрда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммункациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Бирок жол ачык.
Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Долон ашуусунда (саат 9:00дөн тарта) жана Бишкек–Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда (7-декабрь саат 21:00дөн тарта) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.